Троллейбустардын айдоочулары жол эрежесин билүү боюнча сынак тапшырышты.

Экзаменди Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын патрулдук милициясынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү өткөрдү.

Айдоочулар эң көп кетирген каталары бар суроолордон турган тесттин суроолоруна тролейбустун айдоочулары жооп беришти.

Экзамендин жыйынтыгы менен жол инспекторлору профилактикалык баарлашуу өткөрүштү.

Жалпысынан 267 айдоочу сынактан өттү.