Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан райондук акимчиликтердин жана муниципалдык аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлери үчүн окуу семинарларын өткөрүү улантылууда.

Бул жолу “Ишкердик кыргыз тили” тренингине Ленин акимиатынын кызматкерлери катышты.

Лингво-тренинг абдан кызыктуу болуп, угуучулар расмий иш кагаздарын түзүү стилин талдап, мамлекеттик тилде иштиктүү жанр боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүп, ошондой эле «Кыргызтест» сынагынан өтүүгө үйрөтүштү.

Белгилей кетсек, семинар санитардык эрежелерди жана социалдык аралыкты сактоо менен өткөрүлдү.

Окутуу үзгүлтүксүз жана бардык райондук акимчиликтерде өткөрүлөт