Борбор калаадагы мектептерде “Тамекисиз мектеп” он күндүк өткөрүлдү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-сентябрдагы №12 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамеки чегүүнүн, никотиндин жана тамекинин түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө” мыйзамынын күчүнө киргендигине байланыштуу өткөрүлдү.

Мектеп окуучулары үчүн класстык сааттар, жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлордун, медицина кызматкерлеринин катышуусунда баарлашуулар, плакат, сүрөт сынактары уюштурулду.

Иш-чаранын жыйынтыгы - балдарга презентацияларды же видеороликтерди даярдоо менен билимдерин бекемдөө тапшырмасы берилди.