Коррупциялык схемаларды жок кылуу максатында борбор калаанын мэриясы Коопсуздук кеңеши менен биргеликте коррупциялык тобокелдиктердин тизмесин иштеп чыгып, бекитти.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуу ишканасынын жооптуу кызматкерлери кассадан 5 миллион сомдон ашык акчаны өздөштүрүп алганы аныкталды. Алар жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустардын шофёрлорунан тушкөн акчаны ишкананын кассасынан системалуу түрдө чыгарып алуунун жана өзүнө алуунун схемасын уюштурушкан.

Материалдар баа берүү жана кошумча иликтөө үчүн укук коргоо органдарына берилди.

Ушундай эле текшерүүлөр башка түзүмдүк бөлүмдөрдө да жүргүзүлөт. Коррупция фактылары аныкталса, материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

Мындан тышкары, коррупциялык тобокелдиктерге мониторинг жана талдоо иштери улантылууда.

Урматтуу шаардыктар! Мындай фактыларга күбө болгондор болсо, фото жана видеолорду муниципалитеттин колл-борборуна: 0554 182-185 же 1840 жана 1850 номурларына жөнөтүүнү суранабыз.