Борбор калаадагы №1- күнөсканада бир жылдык гүлдөрдүн алгачкы уруктары себилип, өнүп чыккан гүлдөрдү атайын чөйчөкчөлөргө отургузулууда , дал ушул жерде эмгекчил багбандар аларды кылдаттык менен өстүрүшөт.

Пикировка– бул бир жылдык гүлдөрдүн өнүп чыккандарын атайын чөйчөкчөлөргө отургузуу процесси. Бул процедура борбордун гүлзарларына гүлдөрдү отургузууда тамыр системасы жабыркабашы үчүн жүргүзүлөт. Ошентип, тамыр системасы бузулбайт жана гүл отургузуудан кийин оорубайт.

2022-жылы борбор калаага 800 миң бир жылдык гүл отургузулат.