Иш-чара 2022-жылдын 8-февралынан 13-февралына чейин Чолпон-Ата шаарынын мамлекеттик резиденциясында өттү. Бишкек шаарынын командасына №61чи, №84чү мектептердин окуучулары, ошондой эле жаш техниктер станциясынын окуучулары кирди.

Жаш ойлоп табуучулардан түзүлгөн «Бишкек жылдыздары» командасы бардык этаптарда мыкты көрсөткүчтөргө ээ болуп, биринчи орунду багындырып, сынактын кубогуна, ошондой эле дипломдорго жана башка белектерге ээ болушту.

Борбор калаанын мэриясы жеңүүчүлөрдү куттуктайт, мындан аркы ийгиликтерди каалайт.