Муниципалитеттин демилгеси менен борбордо 1-февралдан 31-июлга чейин шаардын аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча алты айлык жарыяланды.

Алты айдын ичинде муниципалитеттин, шаардык кызматтардын кызматкерлери шаарга кам көрүү иштерин күчөтүшөт.

Жарыяланган акциянын алкагында жашылдандыруучулар Юнусалиев көчөсүнө дагы 200 түп арчаны кылдаттык менен отургузууда. Суукка жана кургакчылыкка чыдамдуу өсүмдүк жайында жашыл, кышында сары түстө болот. Сыртынан караганда, арча кичинекей үлпүлдөк балатыны элестетет.

Буга чейин “Виноградный” сейил багына 300 туя отургузулган.

Шаардын райондорунда ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузуу иштери жүрүп жатат. Буга чейин ийне жалбырактуу дарактар Масалиев, Курманжан Датка, Ч.Валиханов, Логвиненко, Орозбеков, Гагарин көчөлөрүнө, ошондой эле Чүй жана Ч.Айтматов проспектилеринин жээгине отургузулган.

Эске салсак, көчөт отургузуу планына ылайык, 2022-жылы шаарга 2 миңге жакын ийне жалбырактуу өсүмдүктөр отургузулат.

Урматтуу шаардыктар! Борбор калааны көрктөндүрүүгө салым кошууну кааласаңыз, биз керектүү жабдыктар менен камсыз кылып, бак-дарактарды тандоого жана отургузууга жардам берүүгө даярбыз. Шаарды чогуу жашыл кылалы.