Бишкектиктерге “Кыргыз Республикасындагы Эмират” эл аралык кайрымдуулук уюмунун филиалынан гуманитардык жардам көрсөтүлдү.

Борбор калаанын төрт районунда тең жардамдарды бөлүштүрүү пункттары Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан түзүлгөн тизме боюнча уюштурулган.

Ар бир үй-бүлөгө балдардын сырт кийими, жылыткыч, жууркан берилди. Жалпысынан уюм тарабынан бишкектиктер үчүн 400 даана балдар курткалары, ал эми муктаж үй-бүлөлөргө 253 жылыткыч жана 1200 жууркан (ар бир үй-бүлөгө 3 жууркан) бөлүнгөн.

Борбор калаанын мэриясы көрсөтүлгөн жардам үчүн уюмга ыраазычылык билдирет.