Шаардык кызматтар борбор шаарды келе жаткан жазга карата көрктөндүрүү иштерин күчөтүштү.

“Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасы шаардын ирригацияларын кол менен жана механикалык тазалоо иштерин кызуу жүргүзүүдө.

Тоголок Молдо, Раззаков көчөсү Түгөлбай ата көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин, Куттубаев, Каралаев, Исанов, 7-апрель, Бөкөнбаев, Манас, Чүй көчөлөрүндө кол менен тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. “Бакай Ата” конушунда жабык коллектордук-дренаждык тармактарды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Ал эми “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбор калаанын башкы аянтындагы пресс-стенддерди жана темир тосмолорду жаңыртып жатышат. Буга чейин Кыргыз Республикасынын желеги илинген столдун темир тосмолору сырдалып, оңдолгон, Эркиндик бульварындагы пресс-стенддер жаңы айнек менен кылдаттык оңдолду.

Урматтуу шаардыктар! Эмгекчилердин эмгегин сыйлап, муниципалдык менчикке кам көрүүнү суранабыз.