Бүгүн эртең менен №10- кичирайондо троллейбустардан тыгын пайда болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Белгилей кетсек, бүгүн таңкы саат 7:44тө Байтик Баатыр жана А.Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде эки вертикалдуу байланыш зымы үзүлгөн.

Шаардык троллейбус башкармалыгынын жамааты тез аранын ичинде жерине барып, бузулган жерлерди калыбына келтирип, коомдук транспорттун кыймылы калыбына келтирилди.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.