Урматтуу шаардыктар! Бир аз күн жылыгандыктан, бизге шаардыктардын жылытуу мезгилин токтотууну суранган билдирүүлөр келип түшүүдө.

Бишкек шаарынын мэриясы сырттагы абанын температурасына, аба ырайынын болжолуна көз салып турат, мисалы, кечээ кечинде минус температура болду.

Ал эми жалпыга маалым болгондой, бекитилген критерийлер боюнча керектөөчүлөрдү жылуулуктан өчүрүү көчөдө абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен +8 градустан жогору болгондо башталат.

Буга байланыштуу шаардыктардын үйлөрүндө, мектеп жана бала бакчаларда, ооруканаларда жана башка социалдык объектилерде жылуулукту өчүрүү али эрте.

Белгилей кетсек, абанын температурасынын кескин жогорулашы менен бул маселени кароо үчүн күз-кыш мезгилине өтүү боюнча штаб түзүлөт.