4-мартта саат 15:00дө О.Мануйлованын үй-музейинде КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, сүрөтчү Сабиджан Бабаджановдун “Жер гүлдөрү” аттуу жеке көргөзмөсү ачылат.

Көргөзмөнү Бишкектеги мемориалдык музейлердин дирекциясы уюштурууда.

Бабажанов Сабиджан Камалович - сүрөтчү, график, дизайнер, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер 1941-жылы 23-февралда Кулжа шаарына жакын Дардамту айылында туулган. Азыр бул шаар Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунда жайгашкан.

Фрунзедеги сүрөт окуу жайын бүтүргөн, андан кийин республиканын көркөм фондунда көп жылдар бою иштеген. Көптөгөн музейлердин экспозицияларынын долбоорлору иштеп чыккан.

Урматтуу шаардыктар! Сиздерди эң сонун жаз көргөзмөсүндө Тыныстанов көчөсү, №108 дарегинде күтөбүз.