№9- мектеп-гимназиясынын мурдагы бүтүрүүчүсү, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону, аралаш уруш боюнча мушкер Валентина Шевченко жана анын машыктыруучусу Павел Федотов конокко келишти.

Чемпионду Ленин районунун акими Русланбек Тагаев, мектептин мугалимдери жана окуучулары тосуп алышты.

Аким Валентина Шевченкого муниципалдык администрациянын Ардак грамотасын тапшырды.

Мушкер мугалимдери, достору, ошондой эле мектептеги жаркын элестери жөнүндө айтып берди.

Белгилей кетсек, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону, муай-тай боюнча дүйнөнүн 11 жолку чемпиону, кикбоксинг жана К1 боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону, ММА (KF-1) боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Валентина Шевченко 1988-жылы 7-мартта Бишкек шаарында төрөлгөн.  Ал таэквондо жана муай тай боюнча эл аралык класстагы спорт чебери, бокс жана дзюдо боюнча Россиянын спорт чебери.