Октябрь районунун башчысы Мирлан Эшкожоев «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасы  менен биргеликте сугат  тармактарынын алдыдагы  сугат мезгилине даярдыгын текшерди.

Район башчысы иш алып баруу зарыл болгон бир нече көйгөйлүү жерлерди белгилеп, «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасына  сугат тармактарын реконструкциялоо жана калыбына келтирүү боюнча пландалган бардык иштерди сугат мезгили башталганга чейин уюштурууну тапшырды. Өз кезегинде МАБ жетекчилерине көйгөйлүү жерлер жана аларды чечүү жолдору боюнча маалымат берүү тапшырылды.

Урматтуу шаардыктар! Турак жай-коммуналдык чарба, санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана жашыл аянтчаларды сугаруу боюнча бардык суроолор боюнча төмөнкү телефондор боюнча кайрылыңыздар:
- 0312 52-01-05, adm-oktyabr@meria.kg  – Октябрь району;
- 0312 360343, adm-sverdlov@meria.kg – Свердлов  району;  
- 0132 623517, adm-pervomai@meria.kg – Биринчи май району;  
- 0312 656907,   adm-leninski@meria.kg – Ленин району.