Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев менен жолугушту.

Мэрдин демилгеси менен өткөн жолугушууда «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КРнын мыйзамынын алкагында муниципалитет менен шаардык кеңештин кызматташуусу талкууланды.

Тараптар муниципалитеттин ыкчам жана сапаттуу ишмердүүлүгүн ишке ашыруу боюнча биргелешкен аракеттердин так координацияланышын белгилешти.

Мэр менен Бишкек шаардык кеңештин төрагасы коомдук транспорт, таштандыларды иргөөчү  заводдун курулушу, өз алдынча турак жай курууну мыйзамдаштыруу, быйылкы жылдын бюджетин түзүү жана башка маселелерди талкуулашты.

Мындай жолугушуулар үзгүлтүксүз өткөрүлөт.