Өнөр жай ишканаларын бир жумалык кыдыруу алкагында Ленин районунун акими Русланбек Тагаев «Кока-Кола Бишкек Боттлерс» жабык акционердик коомуна барды.

Завод Кыргызстанда 1996-жылдан бери иштеп келе жатат жана ички рынокто алкоголсуз суусундуктарды чыгарган ири ишканалардын бири.

Ишкананы өнүктүрүү жана кеңейтүү пландары, потенциалды жогорулатуу, кошумча жумушчу орундарын түзүү жана башка маселелер талкууланды. Заводдун жетекчилиги экскурсия жасап, өндүрүлүп жаткан продукция менен тааныштырды.

«Coca-Cola Bishkek Bottlers» жабык акционердик коому экология, социалдык ишкердик чөйрөсүндөгү мамлекеттик долбоорлорго активдүү колдоо көрсөтүп келет, район башчысы мындай долбоорлорду ишке ашырууда өз ара кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы өнөктөштүк тууралуу макулдашты жана конкреттүү аракеттерди белгилешти.