“Тазалык” муниципалдык ишканасы мамлекеттик туу күнүн майрамдоого башкы аянтты даярдап жатат.

Ишкананын күжүрмөн кызматкерлери борбор калаанын көчөлөрүндөгү желектерди жаңыртышты. Төшөлгөн плиткалар жана темир тосмолор калыбына келтирилди, ошондой эле бардык аймакка нымдуу косметикалык тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Борбор калаада жалпысынан 600дөн ашык тазалоочу жана 100дөн ашык жүктөгүч иштейт. Күн сайын алар шаардан 1200 м³, ал эми айына 35 000 м³ ашык таштанды чыгарышат.

Урматтуу шаардыктар! Шаардык кызматтардын эмгегин сыйлоону, шаардын муниципалдык менчигине кам көрүүнү суранабыз.