Шаарды көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча инспекциясы борбор калаанын санитардык абалды жакшыртуу жана шаарды уруксатсыз курулуштардан бошотуу боюнча иш алып барууда.

Текшерүүчүлөр Орозбеков жана Саадаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги дүкөн тарабынан мыйзам бузуу фактысын аныкташкан.
Ал жерде жеңил объекттин ордуна капиталдык имарат тургузулган. Үй ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан соң тартип бузгандар өз ыктыяры менен объектти алышты.

Ал ортодо Свердлов району боюнча инспекторлор «Тазалык» муниципалдык ишканасынын адистери менен биргеликте тигүү цехтерине таштанды чыгаруу боюнча келишим түзүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. 43кө жакын пункттарды кыдырып, анын 29у боюнча милдеттүү түрдө келишим түзүү боюнча эскертүү берилди.

Урматтуу шаардыктар! Борборду көрктөндүрүү жана жерди пайдалануу эрежелерин сактоону суранабыз.
Инспекциянын иши боюнча суроолор боюнча 0 312 59-47-35 номуруна кайрылсаңыздар болот.