Т.Молдо атындагы №71- орто мектеп-интернатынын окуучулары жана мугалимдери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун авторлорунун бири Бекбосун Жайчыбеков менен жолугушту.

Жолугушуу мамлекеттик символдун 30 жылдыгына арналган.

Желектин автору суроолорго жооп берип, балдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегин түзүү тууралуу кеңири айтып берди.
Борбор калаанын мэриясы Бекбосун Жайчыбековго жаштар арасындагы тарбиялык жана патриоттук иш үчүн ыраазычылык билдирет.

Маалымдама: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу 1992-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу – кызыл түстөгү кездеме, анын ортосунда боз үйдүн түндүгүн чагылдырган алтын түстөгү күн диски бар, андан 40 алтын нур чыгып турат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген техникалык спецификацияда көрсөтүлгөндөй: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунда күндүн диски менен айкалышкан түндүк жалпы Үй – Кыргыз Республикасынын тынчтык белгиси астында тоолуу өлкөдө жашаган бардык элдердин биримдигин билдирет.