Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Европа Кеңешинин жергиликтүү жана аймактык Конгрессинин Башкы катчысы Андреас Кифер башында турган  делегацияны кабыл алды.

Борбор калаанын мэри жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын эл аралык деңгээлде өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал ошондой эле эл аралык конгресс заманбап европалык технологияларды изилдөө мүмкүнчүлүгүн жана мүмкүн болгон инвестициялык долбоорлорду колдойт деген ишенимин билдирди.

Өз кезегинде коноктор кызматташууга жана пайдалуу тажрыйба алмашууга даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушууга Конгресстин мүчөлөрү, Кочевье (Словения Республикасы) шаарынын мэри Владимир Пребилич жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун директору Бектурган Орозбаев дагы катышты.