Урматтуу замандаштар!

Сиздерди Ак калпак күнү менен Бишкек шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктайм!

Калпак – бул кыргыздардын кийим-кечектеринин ичинен эң ыйыгы, кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү. Кыргыз эли байыртадан бери жашоонун, улуулуктун, тазалыктын, улуу күндүн символу жана ыйык белгиси катары башынан түшүрбөй кийип келген.

Улут жүзү болгон Ак калпак ар дайым кыргыз жигиттеринин башынан түшпөсүн. Элибизге ынтымак, тынчтык, ачык асман жана бакубат жашоо каалайм!

Урматтоо менен, Бишкек шаарынын мэри Э.М. Абдыкадыров