Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен таанышуу сапарында болду.
Шаардык кызматтын кызматкерлери менен биргеликте  материалдык-техникалык жактан жабдуу, кызматкерлер үчүн коопсуз шарттарды түзүү маселелерин талкууладык.

Борбор калаанын мэри кызматкерлердин алдына шаарды санитардык тазалоону күчөтүү, турмуш-тиричилик таштандыларын чыгаруу үчүн өз убагында төлөм берүү боюнча шаардыктар арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүү милдетин койду.

Жыйындын соңунда Эмилбек Абдыкадыров жамаатты Ак калпак күнү менен куттуктап, чың ден соолук, ийгиликтерди жана бакубат жашоо каалады.