Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров шаардык кызматтардын жана муниципалитеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен пландык жыйынын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө Бишкек шаарынын 2022-жылга бюджетинин долбоору жана алдыдагы сугат мезгилине даярдыктар талкууланды.

Эмилбек Абдыкадыров шаардык кызматтардын жетекчилерине бир катар милдеттерди койду:

- «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасына жашылдандыруу иштерин жүргүзүүдө ирригациялык системаны караштыруу;

•Райондордун башчыларына «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасын менен биргеликте жашыл жерлерди сугаруунун графигин түзүү;
•Борбордун вице-мэрлери Максатбек Сазыкулов менен Нурлан Шаршеналиевге эстетикалык көрүнүштү жакшыртуу боюнча сунуштарды берүү. Атап айтканда, электр тармактарын жер астына жайгаштыруу маселесин иштеп чыгуу;

-Борбордун биринчи вице-мэри Мирлан Байгончоковго киреше түзүүчү кызматтар менен биргеликте шаардык бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу боюнча ишти күчөтүү;
- Санариптик технологиялар борбору Бишкек шаарынын мэриясын санариптештирүү боюнча сунуштарды даярдоо;

• Көрктөндүрүү жана жер  пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясына имараттар курулуп жаткан жерлерде курулуш таштандыларынын пайда болушуна жол бербөө тапшырмасы берилди.

Белгилей кетсек, мэрдин жумушчу жыйындары ар ишемби күндөрү өткөрүлүп турат.