Өнөр жай ишканаларына баруунун  алкагында Биринчи май районунун жетекчилиги «Кыргызмебель» ААКсында болушту.

Жыйындын жүрүшүндө директор Мамытбай Салымбеков ишканага кеңири токтолуп, цехтердин ишин көрсөтүп, ишкананы өнүктүрүү жана кеңейтүү, кубаттуулуктарды көбөйтүү, кошумча жумуш орундарын түзүү боюнча пландарды да талкуулады.

Айта кетсек, ишкана металл конструкциялардан керектүү улуттук атрибуттар менен боз үйлөрдү тигүү менен да алектенет.

Белгилей кетсек, «Кыргызмебель» ААКсы мамлекет аралык сапат стандарттарына жооп берген эмерек чыгаруу боюнча алдыңкы ишкана болуп саналат. Биринчи эмерек цехтери 1940-жылы «Интергельпо» кооперативинин чех жумушчуларынын жардамы менен курулган. Бүгүнкү күндө ишкана ар кандай заманбап шкафтарды, уктоочу бөлмөгө, коридорго жана ашканага жумшак эмеректерди, отургучтарды, кеңсе жана мектеп эмеректерин чыгарат.

Андан соң алар республиканын эң эски ишканаларынын бири болгон «Уста» АКсында болушту. Завод слесарлык, металл жана жыгач иштетүүчү аспаптардын комплекттерин, барак материалды кесүүчү механизмдерди, мештерди жана башкаларды чыгарат. Ошондой эле чоюн жана болот куюучу цех да бар.

Жолугушуулардын жыйынтыгында райондун акиминин орун басары мекеме-ишканалардын жетекчилигине тармакка кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирип, учурдагы мыйзамдардын алкагында жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.