“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматы боюнча, 15-мартта саат 9:00дөн 18:00гө чейин борбор калаанын айрым райондорунда таза суу болбойт.

Абакан, Дэн Сяопин, Кустанай, Волковая көчөлөрү жана темир жол линиясы менен чектешкен аймак суусуз калат.

Бул "Киркомстром" суу алгычында жана шаардагы суу түтүктөрүндө  оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу аргасыз чара.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарынан ичүүчү суу камдап алууну суранат.