Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары менен жолугушту.

Жыйындын жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэри Бишкек шаарынын мэриясы менен шаардык кеңеш КРнын  «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын алкагында тыгыз кызматташтыкта иш алып баруусу зарыл экенин белгилеп,  калаадагы биринчи кезекте чечиле турган көйгөйлөрдү билдирди.

Депутаттар кызыктырган суроолорун берип, чечүүнү талап кылган көйгөйлөрдү аныктап, шаардын жыргалчылыгы үчүн биргелешип иш алып баруу каалоолорун айтышты.

Жыйындын соңунда Эмилбек Абдыкадыров жемиштүү баарлашуусу үчүн депутаттарга ыраазычылык билдирди.