Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Хуршид Мирзахидов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки борбордун – Бишкек менен Ташкенттин ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташуунун келечеги талкууланды.

Эмилбек Абдыкадыров мамилелерди чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарды өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде элчи мэрди 24-марттан 26-мартка чейин Ташкентте өтө турган биринчи Ташкент эл аралык инвестициялык форумуна  катышууга чакырды.

Маалымат  үчүн:
1996 жана 2017-жылдары Бишкек шаарынын мэриясы менен Ташкенттин акимчилигинин ортосунда экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык тармактарда кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюлган.

1993-жылдын 4-сентябрында Бухара шаарынын акимиаты менен кызматташуу, ошондой эле Самарканд облусу менен экономикалык жана маданий кызматташтык жөнүндө келишимдерге кол коюлган.