Калаанын райондорунда  үй-бүлөлүк майрамдарды жана маркумду коюу жөрөлгөлөрүн иретке келтирүү иштери жүрүп жатат.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин  «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын аткарылышы талкууланып, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлдөрү чогулгандарга салтанаттуу иш-чараларда мал союуга тыюу салган жаңы чыккан фатва тууралуу айтып беришти.

Октябрь районунда имамдар менен биргеликте жума намазда үй-бүлөлүк мааракелер жана маркумду акыркы сапарга узатуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ленин районунун акими Русланбек Тагаев Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (ДИМК) өкүлдөрү, район аймагында жайгашкан мечиттердин имамдары менен жыйын өткөрдү.

Жыйындын жыйынтыгында район башчысы МАБдардын жетекчилерине жана райондогу мечиттердин имамдарына калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бул маселени катуу көзөмөлгө алууну тапшырды.

Ошондой эле, жыйынга Бишкек шаарынын Ленин райондук Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жана райондук соттордун төрагалары, райондук аксакалдар катышты.

Иштин максаты - Кыргыз Республикасынын жарандарынын социалдык-экономикалык жашоо деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле диний жөрөлгөлөрдү, ырым-жырымдарды жана башка иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорчулукка жол бербөө.