Бишкек шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган алты айлыктын алкагында Ленин районунда жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү.

“Ашар” скверине борбор калаанын вице-мэри Бактыбек Абдиев, Ленин районунун акими Русланбек Тагаев, Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) жетекчилиги, “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын, Экономика жана инвестиция департаментинин, Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери  жана «Ак-Өргө» конушунун тургундары  190 түп көчөт отургузду.


Бардык отургузуу материалдары Япониянын Эл аралык Кызматташтык Агенттигинен (JICA) жана JICA бүтүрүүчүлөрүнүн ассоциациясынан сатылып алынган.

Жашыл акциянын алкагында катышуучулар 66 липа, 77 карагай, 35 каталпа жана 6500 тосмо отургузушту.

Урматтуу шаардыктар! Көчөттөргө аяр мамиле кылып, шаардык кызматтардын кызматкерлеринин эмгегин сыйлооңуздарды суранабыз.