Борбор калаада жашылдандыруу акциясы башталды.

Акциянын демилгечилери «Эко Деми» коомдук фонду жана «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы.

Эми каалоочулар борборубуздун сейил бак аймактарына өз көчөттөрүн отургузуп, агрономдордон пайдалуу билим алып, жагымдуу, эң негизгиси пайдалуу убакыт өткөрө алышат.

Акциянын бир гана шарты – көчөт сатып алуу керек, керектүү жабдуулар менен биз камсыз кылабыз. Айтмакчы, дарактын түрүнө жараша отургузуучу жер айырмаланат.

Урматтуу шаардыктар, сиздерди иш-чарага катышууга жана шаарыбызды жашылдандырууга салым кошууга чакырабыз.