Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин маалыматына ылайык, 17-марттан баштап “Арча-Бешик” конушунда Садыбакасов көчөсү Эр-Тайлак көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу жабылат.

Жол жүрүү үчүн альтернативдүү көчө Чортеков көчөсү.

Аталган көчөнү реконструкциялоо Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында жүргүзүлөт.

Урматтуу шаардыктар! Келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз, каттамыңыздарды алдын ала пландаштырып алыңыздар.