Бишкек шаарынын мэриясы “Нооруз-2022” жаз майрамына карата майрамдык программа даярдады.

21-мартта саат 10:00дө борбордук “Ала-Тоо” аянтында театралдаштырылган оюн-зоок жана кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа пландаштырылган.

Саат 15:00дө Бишкек шаарынын үч сейил багында майрамдык иш-чаралар башталат.

• “Ынтымак-2” сейил багында шаардыктар үчүн ар кандай мастер-класстар уюштурулуп, салттуу ырым-жырымдар көрсөтүлүп, чыгармачыл жамааттардын концерти пландаштырылууда;

• “Ынтымак-1” сейил багында бишкектиктерди улуттук тамак-аш, суусундуктар, кийим-кече жана көркөм кол өнөрчүлүк көргөзмөсү тосуп алат;

•Ден соолук паркында ар кандай спорттук иш-чаралар пландаштырылууда.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачеванын төрагалыгы алдында өткөн “Нооруз” майрамын белгилөөнү уюштуруу маселелерине арналган жыйында КРнын Президентинин “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына байланыштуу шаардык кызматтарга жана райондук администрацияларга мал союуга жана ысырапкорчулукка тыюу салынгандыгы жана санитардык нормаларды сактоо эскертилди.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Сиздерди жазды чогуу тосууга чакырабыз! Шаардык иш-чараларга келиңиздер, абдан кызыктуу болот.