«Бишкекжылуулуктармагы» ААКнын маалыматы боюнча, жаңы керектөөчүлөрдү кошууга мүмкүн болбогон жерлерди чагылдырган зоналаштыруу картасы түзүлдү.

Карта борборлоштурулган жылуулук системасынын анализинин жана гидравликалык эсептөөлөрүнүн негизинде түзүлүп, «Zulu-Termo» программалык комплексине киргизилди, бул жылуулук менен камсыздоо системасынын автоматташтырылган эсептөөлөрүн жүргүзүүгө жана жаңыдан кошулган объекттерден кошумча жылуулук жүктөмдөрүн кошууда тобокелдиктерди аныктоого мүмкүндүк берет.

Түзүлгөн кырдаалдын натыйжасында «Бишкекжылуулуктармагы» ААКнын жаңы объекттерди кошуудан баш тартуу пайызы 80%га жетет.
Урматтуу шаардыктар жана куруучулар! Сураныч, зоналаштыруу картасы менен таанышып чыгыңыздар.