Борбор калаанын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн санитардык абалын жакшыртуу боюнча иш алып барууда. Муниципалитеттин кызматкерлери шаарда уруксатсыз орнотуулардан бошотуу иштерин жүргүзүүдө.

Борбор калаанын жөө жүргүнчүлөр үчүн арналган жерлеринде орнотулган көрнөк-жарнактардан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
“Орто-Сай” базарында эле 15ке жакын жарнак конструкциялары алынды. Ошондой эле, Горький көчөсүндөгү «CARAVAN» кафесинин көрнөк-жарнак тактасы демонтаждалды.

Күнүмдүк текшерүүлөрдүн жүрүшүндө мыйзамсыз орнотулган объектилер аныкталып, мыйзамсыз курулуштардын ээлерине өз ыктыяры менен бузуу тууралуу эскертүүлөр берилди.

Ошондой эле Ынтымак конушунда унаа жуучу жай, жеке фирмалар жана дүкөндөр темир тосмолорун өз ыктыярлары менен алышты.
Инспекциянын иши боюнча суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:

Свердлов району боюнча: 0705003137;
Октябрь району боюнча: 0551551745;
Биринчи май району боюнча: 0555404818;
Ленин району боюнча: 0550070505.