Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Албания Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кастриот Робо менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек жана Тирана (Албаниянын борбору) мэрияларынын, ошондой эле республиканын башка шаарларынын муниципалитеттеринин ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланды.

Эмилбек Абдыкадыров борбор калаа тууралуу жалпы маалымат, шаардык кызматтардын ишмердүүлүгү жана алдыдагы пландары менен бөлүштү.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Албания Республикасынын муниципалитеттери менен келишимдик-укуктук негизи жок.