Борбор калаанын акимчиликтеринде Кыргыз Республикасынын Президентинин “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө”  Жарлыгына ылайык иштер жүргүзүлүүдө.

Ленин акимиатынын жетекчилиги Жер-Ынтымагы жаңы конушунун тургундары менен жолугушту. Шаар тургундарын Жарлык менен тааныштырып, үй-бүлөлүк майрамдарды, эскерүү жөрөлгөсүн жана башка иш-чараларды өткөрүүдө ашыкча  чыгымдарга жол бербөөгө чакырышты. Ошондой эле жарандар техникалык паспорт менен каттоого турган мобилдик топ бар экенин эскертишти. Коопсуздукту жана тартипти сактоо үчүн Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын аймактык тескөөчүсү дайындалды.

Свердлов райондук администрациясында диний уюмдардын өкүлү менен жолугушуу болуп өттү.

Бул маселе боюнча Октябрь районунун акими Азамат Дороев мектеп жана бала бакчалардын директорлору менен жумушчу кеңешме өткөрдү.

Мындан тышкары, МАБдардын жетекчилери өздөрүнүн карамагындагы аймактарда имамдар менен биргеликте үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн өткөрүү боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.