Октябрь районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жарандык коргонуу кызматтарынын штабдык машыгууларын өткөрөт.

Машыгуу 2022-жылга карата жарандык коргонууну даярдоонун бекитилген планына ылайык жүргүзүлөт: "Өзгөчө кырдаалдар коркунучу жана келип чыгышы учурунда жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын аракеттери".

Жарандык коргонуунун машыгууларына автотранспорттук, медициналык, өрткө каршы жана коомдук тартипти сактоо катышышат. Ошондой эле жарандык коргонууну калыптандыруунун өздүк курамына И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети,  Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы кирет.

Алардын ичинен өндүрүштө техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалды жоюунун ырааттуулугун жана ыкмаларын иштеп чыккан санитардык кошуун түзүлүп химиялык чалгындоо жана куткаруу тобу болот.

Машыгууларга 30 адам жана 2 автоунаа бирдиги катышат, машыгуулар 16-марттан 17-мартка чейин өтөт.