Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан Октябрь администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын аппаратынын кызматкерлерине иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча  “Иштиктүү кыргыз тили» темасында семинар  өткөрүлдү.

Лингвистикалык-тренинг Бишкек шаарынын мэриясыны Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязбекова катышуусунда өттү.

Бул окутуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21- ноябрындагы № 757 “Административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын мамлекеттик тилди өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү көлөмдө билүү деңгээлин белгилөө жана аны мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине киргизүү мөөнөтү жөнүндө” токтомун аткаруу максатында өткөрүлгөндүгүн белгилейбиз.

Ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер ортодон жогору деңгээлден (В2) кем эмес, "Кыргызтест" мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо системасынын талаптарына шайкеш келген, мамлекеттик тил боюнча кесиптик компетенттүүлүгүн тастыктаган сертификат алуу боюнча маселе талкууланды.