Бишкек шаарынын "Адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резервдеги спорттук мектебинин" тарбиялануучулары Иорданиядагы Азия чемпионатында спорттун күрөш түрү боюнча 5 медаль жеңип алышты.

Турнир 27-февралдан 14-мартка чейин Амманда шаарында өттү.
- 57 кг чейин, 2-орун - Акжол Асылбек уулу, машыктыруучу Мусакунов К.Б.
- 86 кг чейин, 3-орун - Санжар Теңизбеков, машыктыруучу Джаналиев С.К.
- 92 кг чейин, 3-орун - Арген Бактыбеков, машыктыруучу Тулебергенов Н.У.
- +92 кг жогору, 3-орун - Жодарбек Сапарбеков, машыктыруучу Абаев А.Н.
- 60 кг чейинки кыздар, 3-орун - Бактыгүл Курманбекова, машыктыруучу Кадыралиев Т.Б.

Борбор калаанын мэриясы жаш спортчуларды жеңиши менен куттуктап, мындан ары да ийгиликтерди багындырышын каалайт.