Унаа токтотуучу жайлардын көзөмөл функциялары Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментине өткөрүлүп берилди. “Бишкек токтотмолору жана унаа туруктары” муниципалдык ишканасы жоюлууда.

Муниципалдык унаа токтоочу жайлардын иш графиги саат 8:00дөн 20:00гө чейин, дем алыш күндөрүнөн тышкары унаа токтотуунун баасы 25 сом.

Муниципалдык операторлор атайын жилет кийишет жана аларда атайын төш белгилери бар, сөзсүз түрдө төлөм боюнча мөөрү бар талон беришет.

Муниципалдык унаа токтотуучу жайлар төмөнкү даректерде жайгашкан:
Киев көч. Жаш Гвардия бульварынан Кулиев көч. чейин
Бейшеналиева көч. Москва көчөсүнөн  Рыскулов көч. чейин
Токтогул көч. Жаш Гвардия бульварынан Ала-Арча дарыясына чейин
Кулиев көч. Токтогул көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин
Безымянная көч. Юнусалиев көчөсүнөн Ж-Пудовкин көч. чейин
Ж-Пудовкин көч. Безымянная көчөсүөн Сүйөркулов көч. чейин
Сүйөркулов көч. (Ж-Пудовкина көч.)
Юнусалиев көч. (Сүйөркулов көч.)
Кулатов көч. (Матросова көч.)
Сүйүмбаев көч. Чүй проспектисинен көч. Огонбаева
Исанов кч. Чүй проспектисинен Киев көч. чейин
Ибраимов көч. Москва көчөсүнөн Токтогул көч. чейин
Клубный кычык көч. (Сары-Өзөн базары)
Курманжан-Датка көч. Жибек-Жолу проспектисинен Славянский көч. чейин
Токтогул көч. "Мото" соода борбору
Шопоков көч. Москва көчөсүнөн Фрунзе көч. чейин
Бобулов көч. Чүй проспектисинен Пушкин көч. чейин
"Мадина" базары (жаңы жол)
Бөкөнбаев көч. Абдрахманов көчөсүнөн Усенбаева көч. чейин
Киев көч. Манас проспектисинен Керимбеков көч. чейин
Киев көч. Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көч. чейин.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздерде муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын ишмердүүлүгү боюнча суроолор болсо, арызыңызды parkovki@meria.kg электрондук дарегине жөнөтүңүздөр.