Калаанын райондук администрацияларында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү  талкууланды.

Жолугушууларды борбордун вице-мэри Виктория Мозгачева райондордун активи менен өткөрдү.

Катышуучулар Бишкек шаарында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү  боюнча иштелип чыккан Жобонун долбоорун талкуулашты. Ошондой эле, шаар тургундары тарабынан Жобонун айрым пункттары боюнча сунуштар, сын-пикирлер айтылды.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү  боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койгон.

Бул Жарлыктын максаты Кыргыз Республикасынын жарандарынын турмушунун социалдык-экономикалык деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле диний жөрөлгөлөрдү, ырым-жырымдарды жана башка иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорчулукка жол бербөө болуп саналат.

Урматтуу шаардыктар! Муниципалитет үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү  боюнча сунуштарыңызды Ukaz54@meria.kg электрондук почтасы жана 0312610734 телефону боюнча кабыл алат.