Көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти калыбына келтирүүнү, анын ичинде шаарды мыйзамсыз орнотулган объекттерден бошотууну улантууда.

Сүйүмбаев көчөсүндө (мурдагы Карпинка) тез тамактануучу жайларды бузуу иштери аяктады.  «Тазалык» муниципалдык ишканасынын  атайын бригадасы менен биргеликте 6 күркөнү  алып бүтүрдүк,  алуу иштери 3 күнгө созулду.

Урматтуу шаардыктар! Инспекциянын ишине байланышкан кайрылууларды төмөнкү телефондорго калтырсаңыздар болот:

Свердлов району боюнча: 0705003137;
Октябрь району боюнча: 0551551745;
Биринчи май району боюнча: 0555404818;
Ленин району боюнча: 0550070505.