Көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти калыбына келтирүүнү, анын ичинде шаарды мыйзамсыз орнотулган объекттерден бошотууну улантууда.

Инспекция “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте И.Ахунбаев атындагы КММАнын тосмолорун демонтаждоо иштерин баштады.

Буга чейин инспекция өз ыктыяры менен демонтаждоо боюнча эскертүүлөрдү берген. Тилекке каршы, эскертүүлөр аткарылган эмес.

Эми бул ишти ишке ашырууда академиянын өкүлдөрү тарабынан тоскоолдуктарга учурадык. Жетекчилик студенттерди сабактан үзгүлтүккө учуратып, муниципалитетке тоскоолдук кылууга чакырууну тапшырды.

Демонтаждалган тосмолор инспекциянын базасына жеткирилет. Ээлери демонтаждоо чыгымдарын толук төлөгөндөн кийин мүлктү ала алышат.

Ошол эле учурда Малдыбаев көчөсү, 34 б дарегинде жайгашкан Н.Исанов атындагы  Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети тарабынан   тосмолорду алуу  өз ыктыяры менен жүргүзүлүүдө. Алардын тосмолору өздөрүндө калат.

Урматтуу шаардыктр! Инспекциянын иши боюнча кайрылууларды  төмөнкү телефондорго калтырсаңыздар болот:

Свердлов району боюнча: 0705003137;
Октябрь району боюнча: 0551551745;
Биринчи май району боюнча: 0555404818;
Ленин району боюнча: 0550070505.