Борбор калаанын муниципалитетинде кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Ырсалиев Жамалбек Самарбекович Бишкек шаарынын вице-мэри,  Сазыкулов Максатбек Шекербекович Биринчи май районунун башчысы болуп дайындалды.

Садырбеков Азиз Садырбекович КРнын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти кызматынан   ротациялоо менен мэриянын аппарат жетекчиси болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.