2022-жылдын 4-апрелинде Бишкек шаарында жылуулук берүү токтотулат. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров борбор калаада жылытуу мезгилин жыйынтыктоо боюнча буйрукка кол койду.

Буйрукка ылайык, Бишкек шаарында апрель айына болжолдонгон аба-ырайын эске алуу менен 2021-2022-жылдарга жылуулук берүү мезгили 2022-жылдын 4-апрелинен тартып аяктады деп эсептелет.

Бишкек шаарынын ЖЭБине, «Бишкекжылуулуктармагы» ААКсына, «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасына жана ведомстволук отканалардын жетекчилерине имараттарды  жылуулук менен камсыз кылуучу жабдууларын өчүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырылды.