Россия-украин чыр-чатагынын айланасындагы акыркы окуяларга байланыштуу, төрт райондун аймагында тигил же бул тарапты колдоо үчүн митингдер көбөйдү. Бирок, митингдин мурда айтылган максаттарына карабастан, акциянын уюштуруучулары жана катышуучулары улуттар аралык жек көрүүчүлүккө алып келген чагымчыл ураандарды көп колдонушат, ошондой эле өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын козгошот.

Бишкек шаарынын көп улуттуулугун эске алып, улуттар аралык негизде мүмкүн болгон массалык баш аламандыктардын алдын алуу жана бөгөт коюу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Тынч чогулуштар жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алуу менен акимиаттар 2022-жылдын 31-мартынан 30-апрелине чейинки аралыкта  россия-украиналык чыр-чатак маселеси боюнча митингдерди өткөрүүгө убактылуу тыюу салуу жөнүндө арыз менен райондук сотторго кайрылышкан.

Өз кезегинде, коомдук тартипти, шаардыктардын жана борбордун конокторунун коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн райсуддар райадминистрациялардын чечимин негиздүү жана мыйзамдуу деп эсептешет.

Маалымдама:

Кыргыз Республикасынын "Тынч чогулуштар жөнүндө"Мыйзамынын 2-беренеси:

Улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын ден соолугун жана адеп-ахлагын коргоо же башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, тынч чогулуштардын эркиндигине болгон укукту пайдалануу чектелиши мүмкүн эмес.

2-пункт, 15-берене:

Чогулушка тыюу салуу жөнүндө чечим чогулуш мыйзамсыз максаттарды көздөгөн учурларда кабыл алынышы мүмкүн, анын ичинде:

1) согушту пропагандалоо;
2)басмырлоого, касташууга же зомбулукка шыкактоо болуп саналган этностук, расалык же диний жек көрүүчүлүктүн, гендердик жана башка социалдык артыкчылыктын пайдасына чыгып сүйлөө;
3)улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин бузууга чакырыктар;
4) башка тынч жыйналышты бузуу максатында каршы чогулуш өткөрүү.