Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин маалыматына ылайык, 3-апрелден тарта шаардын айрым көчөлөрү оңдоо иштерине жабылды.

Сыдыков көчөсүнүн Турусбеков көчөсүнөн К.Акиев көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштерине жабылды. Унаалардын өтүүсү үчүн альтернативалык жолдор Токтогул жана Киев көчөлөрү болот.

Элебаев көчөсүнүн Лев Толстой көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштерине жабылды. Айдоочулар эми  Жукеев-Пудовкин жана Байтик Баатыр көчөлөрү аркылуу жүрүшөт.

Арча-Бешик конушундагы Шералиев көчөсүнүн №18 көчөсүнөн Северная көчөсүнө чейинки бөлүгү дагы жабылды. Автотранспорттордун өтүшү үчүн альтернативалык жол - Бах көчөсү.

Жолдорду реконструкциялоо «Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында (II фаза) Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

Урматтуу шаардыктар! Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана жүргүзүлүп жаткан жол иштерине түшүнүү менен мамиле кылууну, ошондой эле каттамыңызды  алдын ала пландаштырууну  суранабыз.