Чарбалык субъектилердин ээлери жанаша жайгашкан аймакты иретке келтирип жатышат.

Свердлов районунун акимиаты Мамбетов көчөсүн бойлой чарбалык субъектилердин борбор шаарды көрктөндүрүү эрежелерин сактоосун текшерүү үчүн комиссия өткөрдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзамсыз соода күркөлөрүн  демонтаждоо, жеңилдетилген объектилердин сырткы көрүнүшүн иретке келтирүү, ошондой эле жанаша жайгашкан аймактын санитардык абалын көзөмөлдөө маселеси каралды.