Кыргыз Республикасынын Президентинин "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы тууралуу концепцияны бекитүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, ошондой эле балдардын дүйнө таанымын кеңейтүү максатында Ленин акимиаты "Манас" аэропорту менен биргеликте райондун мектептеринин окуучулары үчүн "Манас" эл аралык аэропортуна (ААК «МАМ») экскурсия уюштурду.

Экскурсияга район башчысы Русланбек Тагаев катышты.

Балдар үчүн экскурсияны "Манас" аэропортунун ыкчам башкаруу борборунун жетекчиси Тимур Аскаров өткөрдү.  Балдар эл аралык жана ички каттамдарды каттоо процессин, бажы контролунун ишин, рейстин жүргүнчүлөрүнүн жүктөрүн жөнөтүүнү жана сорттоону көрө алышты, ошондой эле инженер-механиктерге кызыктуу суроолорду беришти.