Ушул жекшембиде Д.Асанов атындагы Жеңиш сейил багында Дене тарбия жана спорт күнүнө арналган “Сергек жашоо – Дени сак муун” урааны астында 2022-жылкы велосезондун расмий ачылышы болуп өттү!

Расмий ачылышка "Вело Friends Позитив KG" АКнун б президенти Данил Кыдыралиев, Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин директору Мирлан Парханов катышты.

Жарышка, ошондой эле иш-чаранын демөөрчүлөрүнүн байгелерин ойнотууга 700гө жакын велосипедчилер катышты.

Мындан тышкары, кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа уюштурулду.